“Хезболла” Ливанды коргогон уюм, деп билдирди анын лидери шейх Хассан Насралла. Дал ушул себептен улам, Насралланын айтымында, АКШ менен Израил аны куралсыздандырганга умтулуп жатат. Шейшемби күнү президент Жорж Буш АКШ өкмөтү “Хезболланы” террордук уюм деп эсептей турганын,бирок ал куралсызданса жана Ливандагы саясий өзгөрүүлөргө каскак болбосо, анда башкача жолоюн далилдей алат деп билдирген эле.