ТАЛАС. Өлкө президенти Акаевге, БШК төрагасы Иманбаевге, эл аралык уюмдарга, массалык маалымдоо каражаттарына жолдонгон кайрылууда Равшан Жээнбековду депутаттыкка өткөрбөө үчүн бийлик элди экиге бөлүп, шайлоочулардын добушун акча, арака сатып алууга экинчи бир талапкер Жусуп Иманалиевге кенен жол ачкандыгы жазылат. Бул боюнча далил фактылар, документтер сотко өткөрүлгөнү менен Бакайата райондук сотунун төрагасы Болот Батыралиев калыстыктан качып, адилетсиз чечим чыгарган. Мындай адилетсиздикке каршы укуктарын уурдаткан он миңдей шайлоочу Равшан Жээнбековду жеңүүчү деп табууну жана шайлоого кийлигишкендиги үчүн президенттик администрациясынын башчысы Тойчубек Касымов, министр Кеңешбек Карачалов кызматтарынан кетирилсин деген талап коюшкан. Бул талаптары аткарылбаса шайлоочулар Конституцянын негизинде ар кандай саясий акцияларды уюштурууга даяр экендиктерин билдиришкен.