Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

«Эл биримдиги» координациялык кеңешинин облустук бөлүмүнүн жыйыны болду


БАТКЕН. Алгач жыйындын катышуучуларына 15-мартта Жалалабатта өткөн Элдик курултайга барып келишкен делегаттар курултай жөнүндө кеңири маалымат беришти. Андан соң 19-мартта Ош шаарында өтүшү күтүлүп жаткан Элдик курултайга жүздөн ашуун делегат шайланды. Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн Баткен шайлоо чөлкөмүнөн атсалышкан Досбол Нур уулунун шайлоо штабынан ушул эле күнү алынган маалыматка караганда, шайлоонун адилет өтпөгөнүнө нааразы болгон шайлоочулар күн сайын штабга кайрылышууда. Бейшемби күнү да мындай нааразылык менен ар кайсы айылдардан жүз чакты шайлоочу келип кетти. Учурда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен райондук сотко арыз даярдалууда. Анда Баткен шайлоо чөлкөмүндө парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы добуштарды сатып алуу, шайлоочуларды добуш берүү бөлүмдөрүнө ташуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар менен коштолгону белгиленмекчи.

XS
SM
MD
LG