Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Карасууда кармашып жатышат


БИШКЕК.17-мартта Ош облусунун Карасуу райондук администрация алдына №41 Карасуу округунан талапкер болгон Байыш Юсуповдун бир миңден ашык жактоочусу чогулуп, райондук соттун 16-марттагы чечимин жокко чыгарууну талап кылышты. Райондук сот анда Байыш Юсупов көп добуш алган төрт участоктогу добуш берүүнү жокко чыгарган болчу. Ушул эле күнү экинчи талапкер Арап Төлөновдун таяк менен куралданып, ат менен келген 40ка чамалаш жактоочусу Юсуповдун жактоочуларынын талабынан кайттырууга аракет кылышты. Милициянын кийлигишүүсү менен гана чатак чыкпай, Төлөновдун жактоочулары тарап кетишти. Мындай маалымат Байыш Юсуповдун жактоочуларынан алынды. Маалыматты райондун акими Расул Жолдошев да тастыктап, Юсуповдун жактоочулары менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, райондук соттун чечимин жокко чыгаруу арызын Жогорку сотко жолдоо кеңеши берилгендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG