Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

М.Эшимкановдун жактоочуларын аким кабыл алган жок


БИШКЕК.17-мартта эртең мененки саат тогузда №6 Асанбай шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Мелис Эшимкановдун 100дөн ашуун жактоочусу Бишкектин Октябрь райондук администрациясынын алдына район жетекчилери менен жолугушууга чогулушту. Бирок алар менен райондун акими же башка өкүлдөрү жолугушкан жок жана чогулгандарды имаратка киргизбей, башына темир туулга жана ок өткөрбөс кемсел кийген 100дөн ашык милиционер тосуп турушту. Мелис Эшимкановдун билдирүүсү боюнча, добуш берүү маалында болгон мыйзам бузуулар тууралуу райондун жетекчилиги жана шайлоочулары менен көзмө-көз сүйлөшүү үчүн келген жана ал тууралуу район жетекчилигине 16-мартта кабарланган. «Бишкек шаарынын прокурору жана шаардык ички иштер башкармасынын башчысы чогулгандар менен милициянын ортосунда чатак чыгышы мүмкүн экендигин эскерткенден кийин чогулгандарды таратууга мажбур болдум»,-деди Мелис Эшимканов. Анын шайлоочулары 19-мартта эртең менен Горькийдин эстелигинин жанына чогулушуп, шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразылык билдирмекчи.

XS
SM
MD
LG