Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Аксылыктар кайрадан кылмыш ишин козгоону талап кылышууда


БИШКЕК. 17-мартта Жалабат обласынын Аксы районунун Бозпиек айылында 3 жыл илгери милиция кызматкерлердин аткан огунан каза болгон атуулдарды эскерүү митинги өткөрүлдү. Каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду. Ушул эле күнү Каражыгач айылында Кыргызстандагы соңку кырдаалды талкуулаган митинг өткөрүлдү. Ага үч миңдей адам катышты. Митингде он жети адам сөз сүйлөштү. Анын катышуучулары Аксы окуясында күнөөлүү делинген бийлик адамдарына кайрадан кылмыш ичин ачуу, Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, Аксы окуясында каза болгон алты адамга Кыргыз эл баатыры деген наам берилсин деген чечим кабыл алышты. Бул тууралуу Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо коомдук бирикмесинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG