Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Поль Вольфович Дүйнөлүк банктын президенттигине сунушталды


Кытай Кошмо Штаттардын коргоо министринин орун басары Поль Вольфович Дүйнөлүк банктын жаңы президенти болсо, аны менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Цзянчаонун маалымдашынча, АКШнын вице-президенти Дик Чейни жана Кытайдын вице-президенти Зенг Цингон П.Вольфовичтин Дүйнөлүк банкты жетектөө маселесин шаршемби күнү телефондон талкуулашкан. Япон өкмөтү да президент Буш сунуш кылган Волфовичтин талапкерлигин колдоорун мурдараак билдирген.

Еврокомиссиянын аты аталбаган өкүлү жасаган билдирүүгө караганда, президент Буштун сунушун Европа “эске алат”. Ал эми Евробиримдиктин соода комиссары Питер Мендельсондун сөзүнө караганда, Европарламент күтө туруп, Вольфович өзүнүн татыктуу экенин далилдөөсүнө мүмкүндүк бериши лаазим. Германиянын башкаруучу Социал-демократтык партиясынын төрага орун басары Михаэл Мюллердин айтымында, Волфович Дүйнөлүк банкка “согушчул жүрүм-турумду” алып келет. Дүйнөлүк банкты 10 жылдан бери жетектеген Жеймс Вульфенсондун мөөнөтү 1-июнда аяктайт. Демейде Дүйнөлүк банктын төрагасын Вашингтон сунуш кылат.

XS
SM
MD
LG