Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Бүгүн Парижге орус президенти келет


Владимир Путин бул жерде Франциянын, Германиянын жана Испаниянын лидерлери менен жолугат. Адегенде президент Жак Ширак Путин менен өзүнчө сүйлөшүү өткөрөт, андан соң ага Парижге жакын жердеги франциялык коргоо борборун көрсөтөт. Түштөн кийин аларга Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр, Испаниянын премьер-министри Жозе Луис Родригес Сапатеро кошулат жана кечинде сыяпат үстүндө сүйлөшүүлөр өткөрүшөт. Тараптар быйыл 10-майда Москвада боло турган Евросоюз-Россия саммитине байланыштуу маселелерди, эл аралык проблемаларды талкуулашат.

XS
SM
MD
LG