Борбордук шайлоо комиссиясы №39 Куршаб жана №44 Алай шайлоо округдарындагы айрым участоктордо добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу ал жерлерде кайталап добуш берүү жүргүзүлүп, ага ылайык жеңүүчүлөр аныктала тургандыгын маалымдады. БШК түшүндүрмөсү бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде жарыяланды.
Гезиттин жаңы санында «Чогул-чогулба, калк башка бааны бербейт» деген аталышта президент А.Акаевдин улуттук телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзү басылды. Президенттин ырасташынча, ыңкылапты бир ууч саясатчылар гана каалап жатышат.
Президент А.Акаевдин кайрылуусун жума күнкү «МСН» гезити «Эл «ишенбейт» деп комментарийледи. Рина Приживойттун ырасташынча, парламент шайлоо кандай өткөнүн өлкөнүн биртоп жерлеринде өтүп аткан пикеттер, жол тосуу, көчө жыйын, имарат ээлеп алуулар айкын көрсөтүүдө.
Гезитте АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын маалымат жыйыны тууралуу кеңири материалга орун берилген. Президент А.Акаевдин дагы бир ирет референдум өткөрүшү мүмкүнбү суроосуна токтолгон элчи андай маалыматты тараткан президенттин пресс-катчысы А.Сегизбаевди тамашакөй жигит катары сыпаттап, маалыматты анын кезектеги тамашаларынын бири катары эсептээрин билдирген.
Журналист Елена Скородумованын 2002-жылдын 17-18-мартында Аксыда өткөн трагедияны эскерген макаласы да гезиттин жаңы санында жарыяланган. Макала «Калкты коркута албайсың» деп аталат.
Парламент шайлоодон чыккан саясий абал Кыргызстанды төңкөрүшкө алып барбайбы? Бул суроого жоопту «Аалам» гезитинин кабарчысы А.Асанбекова издеген. Жалалабатта өткөн курултайда элдик кеңеш түзүлүп, аны «бүтүндөй кыргызстандыктар колдоп олтурат», деп жазат гезит автору.
Бийлик жоош эл эмес, каршы чыккан эл менен гана сүйлөшүүгө мажбур, деп жазат жума күнкү «Агым» гезитинде саясий кеңешчи Адил Турдукулов. Автордун ырасташынча, «Алга, Кыргызстан!» партиясы мамлекет башчы менен анын үй-бүлөсүнүн гана кызыкчылыгын коргогон саясий күч. Азыр ал кол алдындагы маалымат каражаттары аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүдө. Партия кийинки кездери оппозиция уюштурган жыйындарга каршы чогулуштарды өткөрүү менен алек.
«Агым» гезитинде жарыяланган жообунда И.Рысалиев Жалалабаттагы нааразылыктын качан аяктары белгисиз экенине токтолгон. Аксыдагы абалды жөндөй албаган бийлик жалалабаттыктар менен ымалага келип, маселени акылга салып чечери кыйын. Жалалабат элди бийликти көзөмөлдөп туруу жагынан прогресске алып келиши мүмкүн же мамлекеттик түзүлүштү уратып, башаламандыкка алып келиши ыктымал, дейт И.Рысалиев.
Жума күнкү «Бишкек таймс» гезити №39-Куршаб шайлоо округунан депутаттыкка талапкер М.Орозбаевдин маегин жарыялады. Гезиттин жаңы санында Б.Шаматовдун «Париж клубу 124,4 млн. долларлык карызды кечти» деген макаласына да орун берген.
Бийлик төңкөрүштөн эмес, анын тикенегинен корко турганын жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Жазгүл Масалиева жазып чыкты. Грузия менен Украинадагы бийлик алмашуунун тажрыйбасы жашырылып-жабылып келген көмүскө иштерди ачып, айыптуулар жазаланарын көрсөтпөдүбү, деп белгилейт макала автору.
Бийлик менен оппозиция, эл менен бийликтин карым-катышы жайында «Замандаш» журналынын жаңы санында белгилүү саясатчылар Ишенбай Абдуразаков менен Муратбек Иманалиев кеңири маек курушкан.