40 жаштагы Мелаванын 14-төрөтү анын гана эмес, Ооганстандагы америкалык аскерлердин да эсинде түбөлүккө калмай болду. АКШ армиясынын сержанты Рик Скаветта окуяны мындайча баяндайт:
- Бул окуя бизди абдан толкундантты. Дарыгерлердин чеберчилиги жөнүндөгү кабар тез эле тарады. Менимче уруш тилкесинен учуп бараткан тик учакта көз жаруу буга чейин эч жерде жолуккан эмес. Биз көп жылдардан бери иштеген учкучтар, куткаруучу-дарыгерлерден сураштырсак, эч кимдин практикасында мындай окуя болбоптур.
Буга чейин Мелаванын 2 баласы чарчап калыптыр. Андыктан жергиликтүү эмчи аял бул жолку төрөт кыйын болот дегенде, Мелаванын күйөөсү Пиер Молдо аялы менен баласынын өмүрүн тобокелге салбай, шашылыш америкалыктарга кайрылган.
Баса, өткөн айда БУУнун Өнүгүү программасынын докладында Ооганстанда ар бир 30 мүнөттө 1 аял кош бойлуулукка байланышкан ар кандай оорулардан көз жумат деп айтылган эле.
Эң жакынкы бейтапканага Пакистан менен чегарадагы Пактика вилайетиндеги айылдарда жашагандар эшек менен гана жете алышат. Сержант Скаветта аялга жардам бериш үчүн аскерий операциялар өтүп жаткан башка бир базадан тик учак чакырууга туура келгенин айтат:
- Аксакал аялын Шкин шаарчасындагы дарыгерлерге алып келгенде, адистер Мелава менен баланын өмүрү коркунучта экенин айтышат. Медиктер аларды Баграмдагы госпиталга эвакуациялоону чечишет. 40 жаштагы Мелава 18 сааттан иштептир. Ымыркай тик учак асманга көтөрүлгөндө жарыкка келди.
Пактика вилайетинин губернатору Гуляб Мангал бул окуя Ооганстандагы америкалык жоокерлер жөнүндөгү оң пикирлердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деп эсептейт:
- Коалиция аскерлери жасаган бул өңдүү гуманитардык иштер алардын ооган эли менен мамилелерине жакшы таасир тийгизет. Карапайым калк керек болгондо америкалык аскерлерге жардам сурап кайрылып турат. Өзгөчө эл ооруканаларга жеткирүүнү өтүнүшөт. Коалиция күчтөрү террористтерди жок кылуу менен гана алектенбестен, ооган элине бардык өңүттөн алганда көмөк көрсөтүп жатканынан бул окуя жакшы кабар берет.
Бирок түштүк-чыгыш жана түштүк Ооганстандагы үрп-адаттар аялдын чоочун эркекке денесин көргөзүүгө тыюу салат. Сержант Скаветта тик учактын экипажы анын бортундагы төрөт жөнүндөгү кабарды айрым оогандыктар кандай кабыл алышаар экен деп абдан сарсана болушкан дейт:
- Тик учактагы аскерлердин бардыгы эркектер болчу. Бирок Мелаванын күйөөсү жанында туруп, тирүү калыш үчүн ошол жоокерлердин жардамы керек деп, жакшылап ага түшүндүрдү. Бул абдан кубанычтуу окуя болду. Учкуч башка тик учактарга радио аркылуу: “Биздин бортто дагы бир жүргүнчү пайда болду!” -деп сүйүнчүлөдү.
Эки күндөн кийин Мелава кызы менен Баграмдагы ооруканадан чыгып, айлына кайтып кетишти. Ымыркайдын атын болсо ата-эне үйүнө баргандан кийин коюуну чечти.