Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Баткен облустук администрациясын ээлеп алуу аракети жасалууда


БИШКЕК. 18-мартта түштөн кийин Баткен облустук администрациясынын алдына «Акаев кетсин!» деген ураан чакырып келген кыркы чакт адам имаратка кирүүгө аракет жасады. Алар акимчиликтин алдында калканчан турган милиция кызматкерлери менен жоокерлердин тосмолоруна туш болуп, имаратка кире алышпаган соң облус губернаторунун сыртка чыгуусун талап кылышты. Губернатор Баратали Кошматов чыккан соң «адилетсиз өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын, Акаев кетсин», деген талаптарын айтышты. Губернатор баштаган бийлик өкүлдөрүнүн чогулган элди тарап кетүүгө үндөөсүнөн эч кандай майнап чыккан жок. Бул жерге заматта мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер да чогулушуп, өз тааныштарын кетип калууга чакырып жатышты. Нааразылык билдиргендерге улам 3-4 адам келип кошулууда. Алар жаан жаап жатканына карабай кетпей тургандыктарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG