Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Алайда талапкерлердин талашы бүтө элек


БИШКЕК. Ош облусундагы №44 Алай округунан депутаттыкка ат салышкан Абдыганы Эркебаевдин 234 шайлоочусу 18-мартта Борбордук шайлоо комиссиясына арыз кат жолдошту. Анда округдук комиссия Эркебаевдин атаандашы Марат Султановдун жактоочуларынын түздөн-түз басымынын негизинде төрт участоктогу добуш берүүнү жараксыз деп табышты деп кабарлашып, чара көрүүнү талап кылышты. Басым жасоого округдук комиссиянын Чоңалай районунан шайланган 5 мүчөсүнүн бирөө гана комиссиянын жыйынына катышкандыгын далил катары келтиришкен. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын башчысы Нина Мухина арыз катты териштирүү үчүн БШКнын эки мүчөсү Ош облусуна кеткендигин жана округдук комиссия мүчөлөрү менен маселе ишемби күнү жеринде териштирилээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG