Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Таласта курултай үзгүлтүккө учурады. Эми Ошто болобу?


БИШКЕК. 17-мартта Таласка белгиленген курултай жолдордун тосулуп, оппозиция лидерлерин өткөрбөй коюлушуна байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу №55 Бакайата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Равшан Жээнбеков 18-мартта билдирди. Анын айтымында, жолду тоскондор аны да Таласка киргизбегенге аракет жасашууда. «Акипресс» маалымат агенттигине берген интервьюсунда Жээнбеков, бул бийлик менен эми кызматташпасын да белгилей кеткен. 19-мартта Ош облусунда элдик курултай болору белгиленүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан элдик биримдик координациялык кеңешинин түштүк боюнча башчысы Үсөн Сыдыков 18-мартта билдирди. Анын айтымында, курултайда облустук элдик кеңеш түзүлүп, анын жетекчилиги шайланмакчы. №25 Куршаб шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Адахан Мадумаров 19-марттагы курултайга миңдей тарапкери менен катышаарын билдирди. Бийлик тараптан бул курултайга карата эч кандай баа бериле элек.

XS
SM
MD
LG