Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Бишкекте да элдик кеңеш түзүлөт


БИШКЕК. Бишкек шаарында да Жалалабат облусундагыдай элдик кеңеш түзүлөт. Мындай чечим 18-мартта Максим Горькийдин эстелигинин алдында өткөн митингде кабыл алынды. Элдик кеңешти түзүү максатында уюштуруу комитети түптөлүп, анын курамына 11 адам кирди. Уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны ушул эле күнү өтүп, анда комитет төрагалыгына белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеев шайланды. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, коррупцияга малынган азыркы бийликке ишеним калбады, ошондуктан жер-жерлерде элдик кеңештер түзүлүп, андан кийин жалпы өлкө масштабында элдик кеңеш шайланмакчы.

XS
SM
MD
LG