Парламенттик шайлоо аяктары менен Президенттик шайлоо жөнүндө маселе алдыга чыкты. Өлкөдө болуп жаткан нааразычылык акциялары, мамлекет башчысынын соңку иш аракеттери талдоочулар тарабынан ар кыл бааланып, пикирлердин кагылышы күндөн-күнгө күчөп келет. Президенттин саясатын жактаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер анын кадыр баркы эл арасында жогору экенин белгилешүүдө. Юридикалык Академиянын ректору, профессор Чолпонкул Арабаев да мына ошондой пикирде экенин жашырбады.
- Туура Аскар Акевди элдин 65 пайыз бөлүгү, андан ашыгы да колдойт. А бирок бүгүнкү күндө жанакындай нааразычылыкты туудургандар, “эй мындай деп айткыла” деп түздөн-түз багыт бергендер, ошонун ичинен айрым эл аралык уюмдар кийлигишип, андан сырткары өкмөттүк эмес уюмдардын кийлигишүүсүнүн аркасында окуялар курчуп атат.
Бирок Чолпонкул Арабаевдин мындай пикири менен “Демократия үчүн жарандык коом” бирикмесинин жетекчиси Эдил Байсалов макул эмес. Ал Аскар Акаевдин бийликти тынч өткөрүп беришин жактайт.
- 2005-жылы шайлоого катышууга Президент Акаевдин укугу жок. Ал өзү бир канча жолу сөз бергендей тунук шайлоону өткөрүп, таза шайлоо аркылуу шайланып чыккан Кыргызстандын жаңы президентине өзүнүн бийлигин өткөрүп бериш бул милдети. Президент Акаев тынч бийлигин өткөрүп бериш керек.
Эдил Байсаловдун мына ушундай пикирин көпчүлүк саясатчылар да колдоп келишет. Анын айланасындагы жетекчилердин көпчүлүгү жаңы Парламентке депутат болууга умтулганын кээ бир эксперттер Акаевдин кадыр баркы эл арасында гана эмес, өз командасынын арасында да төмөндөп баратканын далилдейт дешет. Ал эми бир жылга жакын мезгилден бери Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартуу үчүн кол топтоп келген “Элим менен элим үчүн” коомдук фондунун төрагасы Аманбай Сатыбаев Президентти элдин 80 –90 пайыздан ашыгы колдойт деген ишеничте.
- Мен айталам, Аскар Акаевди 60 пайыз эмес, керек болсо 80-90 пайыз эл колдоп берет азыр. Анан Акаевди кетсин деген кандайдыр бир топ адамдардын чыгышы туура эмес. Эмнеге дегенде кандайдыр бир 100-200 адамдын ою элдин оюн билдирбейт.
Мына ушундай пикирди карманган Аманбай Сатыбаев Парламенттик шайлоонун алдында 200 миңге жакын кол топтоого жетишкен. Бирок кол топтоо көпчүлүк жерде мажбурлоо түрүндө болгонун жер-жерлерден телефон чалган угармандар айтышууда. Ал эми Парламенттик шайлоонун 1-турунда жеңишке жетип, депутат болгон Азимбек Бекназаров Аскар Акаев мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетишин жактайт.
- Эгерде Президент эл башчысы болом десе, Конституциянын гаранты болом десе өз сөзүнө туруп өлкө боюнча таза, адилет шайлоо өткөрбөйт беле. Ал өткөрө алган жок. Өзүнүн миссиясын аткара алган жок. Акаев бүгүн бийликте турганда эч качан таза адилет шайлоо болбойт. Бул президент турганда элдин шору, ошондуктан элдин талабы туура. Мен ошол элдин демонстрациясын колдоп келатам.
Депутат Азимбек Бекназаровдун пикири мына ушундай. Бүгүнкү күндө Акаевдин кызматтан кетишин талап кылып миңдеген адам көчөдө турушат. Ал эми Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев ушундай аракеттер күчөй берсе, анда Акаев өз ыйгарым укуктарын бышыктап берүүнү өтүнүп дагы элге чыгаарын билдирген болчу.