Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: КУШТАРГА КАПУСТА ЖАРДАМ БЕРЕБИ? ЯПОНИЯЛЫК БАСМАКАНАЛАРДЫН ТАБЫЛГАСЫ


Дүйнөдөгү кызыктуу окуяларга арналган кезектеги макалада куштарга капуста жардам береби, даарат кагазга жазылган чыгарма жана Европадагы ыр конкурсуна эмне себептен революциялык чыгармалар жарабайт деген суроолордун айланасында сөз болот.

Куштарга капуста жардам берет

Корейлердин кимчи деген тамагы куштардын сасык тумоосуна каршы дары болуп бериши мүмкүн. Ушундай божомолду Сеулдун улуттук университетинин окумуштуулары айтып чыгышты. Бир нече убакыт бою алар ооруга чалдыккан 13 тоокту туздалган капустадан жасалган кимчи менен тамактандырган. Бир жумадан кийин 11 тоок сакая баштаганы байкалган. Эксперттер бул жыйынтыкты илимий ачылыш катары таануу эрте дешет.

Эксперимент жөнүндө кабар тараары менен Түштүк Кореяда кимчини даярдоо өсө баштады. Жаңы эле үзүлгөн капустаны жуубай туруп туздуу сууга чылайт. Үч күндөн кийин жашылчаны жаңы шорго салып, ага калемпир, шалгам, сарымсак жана имбирь кошулат.

Кимчи чындап эле сасык тумоодон дарылоого жардам берээрине кореялык белгилүү дарыгерлер да ишенет. Профессор Кан Са Оканын ырастоосунда, куштардын өлүмү азайып, алар сасык тумоодон гана эмес, бронхит өңдүү башка илдеттерден да айыгышкан.


Даараткана кагазына жазылган чыгармалар

Япониядагы басмаканалардын бири китептерди даараткана кагазында басып чыгара баштады. Токио, Осаки, Наоги жана башка ири шаарларда белгилүү философиялык чыгармалардын бири дал ошондой оригиналдуу формада жарык көрдү. Жаңы долбоорду ишке ашыргандар рулондун узундугу өңдүү проблемага туш болушту. 30 метр китептерди толугу менен басууга мүмкүнчүлүк бербейт. Андыктан кээ бир авторлор өз чыгармаларын даараткана кагазына ыңгайлаштырып, кыскартып кайра жазышууда. Полиграфиялык жаңы продукциянын баасы болгону 3 доллардан бир аз ашат. Аны сатып алууга Япония боюнча 30га жакын дүкөн кызыкдар.


Бир тамганын мааниси

Судандын өкмөтү АКШ Конгрессинин ырасмий веб-барагына Америка 1960-жылы өлкөнүн аймагында ядролук сыноо өткөргөнүн окуп алып, абдан чочуп кеткен.

Кийинчирээк ал ката экени аныкталды. Сөз болуп жаткан докладда Невада штатындагы “Седан” деген полигондун ордуна “Судан” деп жаңылыш жазылып калган. Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осман Исмаил түшүндүрмө алуу үчүн Вашингтонго кайрылып, бул - ката деген жооп алды. Биз Судандын калкы үчүн тынчсыздана баштаган элек, - дейт министр. АКШнын Хартумдагы элчилиги ырасмий билдирүү жасап, өлкөнүн аймагында эч качан ядролук сыноо өткөрбөгөнүн айтты. Судандык министр болсо баары бир иликтөө жүргүзөбүз дейт.


Кургакчылык коркунучу

Табиятты коргоо боюнча дүйнөлүк фонд Гималайдагы мөңгүлөрдүн эриши миллиондогон кишини суусуз калтырышы ыктымал деп эскертүүдө. Фонддун докладында айтылгандай, моңгүлөрдүн эриши Индия, Непал жана Кытайда суу каптоого, андан кийин кургакчылыкка алып келиши ажеп эмес. Азиядагы Ганг, Меконга, Янцзы өңдүү ири дарыялар Гималайдан башат алышат. Кытай менен Индиянын миллиондогон тургундары ошол сууларга көз каранды.
Дүйнөлүк фонд климаттык өзгөрүүлөр менен активдүү күрөшүүгө үндөп жатат. Гималайдагы мөңгүлөр жылына болжолу менен 10-15 метрге тартылат.


Революциялык ыр Евровидениеге жарабайт

Быйылкы Евровидение жарышынын уюштуруучулары украиналык “Greenjolly” деген топ аткарган ырдын сөздөрүн алмаштырууну суранышты. Топ декабрдагы революция маалында Киевдин көчөлөрүндө жаңырып турган гимнди ырдамак. Бирок конкурстун уюштуруучулары музыкалык шоу үчүн бул чыгарманын сөздөрү өтө эле саясатташтырылган деп чечишти. Хип-Хоп стилинде аткарылган “Разом нас Бахато” – “Биз көпбүз” деген ыр 18 конкурсанттын ичинен тандалган.

“Бул – саясий ыр, андыктан биз анын ушул бойдон саясий эмес музыкалык конкурста аткарылышын кабыл ала албайбыз", - деди мелдештин уштуруучуларынын бири Сванте Стокелиус.

Былтыркы конкурсту украиналык Руслана деген ырчы жеңип алгандыктан, быйылкы Евровидение 21-майда Киевде өтөт.

XS
SM
MD
LG