Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

"Арнамыс" нааразылык акциясын улантты


БИШКЕК. 19-мартта Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында “Арнамыс”,”Жаңы багыт” саясий партияларынын 200дөн ашуун мүчөлөрү жана саясатчылардын катышуусунда узак мөөнөткө белгилеген митинги уланды. Анда өлкөдөгү саясий кырдаал талкууланып, азыркы бийликтин иш-аракеттери сынга алынды. Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, өкмөттү таратуу талабы коюлду. Митингге 15ке жакын адам келип, митингдин уюштуруучуларына карата орой мамиле жасап, ыпылас сөздөр менен митингдин катышуучуларын күнөөлөштү. Алар бийликке сын айтпоого, Акаевди колдоого үндөштү. Митингдин айрым катышуучуларынын пикиринде, бул адамдар тартип коргоо кызматы тарабынан атайын даярдалып, тынч митинг өткөрүүчүлөргө чагым салууга келген.

XS
SM
MD
LG