Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Ошто элдик курултай өттү


БИШКЕК. 19-мартта Ош облустук имаратынын алдында Кыргызстан элдик курултайы өттү. Ага 7 миң чамалаш киши катышты. Курултайда президент Аскар Акаевдин кызматтан кетиши, президенттик чукул шайлоо өткөрүү, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талаптары коюлду. Жыйынтыгында Кыргызстан элинин Ош облустук кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Анвар Артыков шайланды жана курултай алдында ал ант берди. Курултайга Кыргызстандагы саясий күчтөр форумуна мүчө кыймылдардын Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Адахан Мадумаров, Топчубек Тургуналиев өңдүү өкүлдөрү сүйлөштү. Грузия парламентинин коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Гиви Таргамадзе баштаган грузиялык депутаттар да курултайга байкоо жүргүзүштү. Митинг өтүп жаткан аймакты ички иштер кызматкерлери күзөткө алып турушту. Ал эми ички иштер министри Бакирдин Субанбеков Ош шаарында кырдаалды көзөмөлдөп жатканын, бийлик менен элдин ортосунда эч кандай кагылышуу болбогондугун министрликтин маалымат кызматы ушул эле күнү билдирди. Нааразы тарап кечээ Ош облустук мамлекеттик администрацияны ээлеп алган.

XS
SM
MD
LG