Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

АКШнын мамлекеттик катчысы Түштүк Кореяга келди


АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бүгүн Түштүк Кореяга келди жана өлкө жетекчилиги менен Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселелерди талкуулайт. Кечээ күнү Жапанияда болгондо Райс айым - Пхеньян эл аралык коомчулук менен сүйлөшүү жараянына кайтууга тийиш деп билдирген:

- Мен ачык эле айтайын. Эгер Түндүк Корея биз сунуштаган алдыга өнүгүү жолунан чыкпайм десе, алты тараптуу сүйлөшүүгө күтүүсүздөн кайрадан кошулууга тийиш, - деди Райс айым.

Пхеньян мурда өзөктүк куралга ээ болгону жөнүндө жарыялаган жана Райс айым мурда айткан сөздөр үчүн АКШ расми кечирим сурамайынча, сүйлөшүүгө кошулбай турганын билдирген. Кондолиза Райс болсо Түндүк Кореяны зомбулуктун алдыңкы үлгүсү деп атаган.

XS
SM
MD
LG