Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Жалалабат менен Оштогу облустук акимчиликтин имараттары кайра алынды


Бишкек. Бүгүн (жекшембиде) эртең менен тартип сактоо күчтөрү нааразылык иш-чараларын тынымсыз өткөрүп келген оппозициялык кыймылдардын өкүлдөрүнөн Жалалабат жана Ош шаарларындагы облустук акимчиликтердин имараттарын бошотуп алышты. Таңкы саат 5тин тегерегинде башталган атайын чаранын жүрүшүндө полиция жана аларды коштогон атайын жоокерлер бир нече ондогон демонстранттарды камакка алышты.

Кабарчылардын маалымдашынча, нечендеген карапайым кишилер (алардын арасында аялдар) ур-токмокко алынды, айрымдары ал түгүл оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Камакка алынгандар абакка жеткирилгенде да саясий ураандарын чакырып, “Акаев кетсин!” деп кыйкырып жатышты.

Жалалабатта жана Ошто айрым каршылык көрсөтүү аракеттери болгону, полиция андай аракеттерди айоосуз жазалагандыгы тууралуу маалыматтар түштү. Азырынча расмий бийлик бул маалыматтарга карата өз мамилесин билдире элек.

Нааразылык чараларын уюштуруп жаткандар 4-марттан бери Жалалабаттагы облустук акимчиликтин кеңсесин, 18-марттан бери – Оштогу облустук акимчиликтин имаратын ээлеп турушкан. Алар бул аймактарда элдик курултай өткөрүп, элдик кеңештин облустук төрагаларын шайлашкан.

Кыргызстандын башка аймактарында да соңку парламенттик шайлоону адилетсиз өттү деп эсептеп, миңдеген шайлоочулар демонстрация, пикет, митинг, жүрүш сыяктуу нааразылык чараларын уюштуруп келишти. Таластагы, Токтогулдагы, Кочкордогу жана башка айрым жерлердеги нааразылык чараларын уюштургандар да жергиликтүү акимчиликтердин кеңселерин ээлеп алышкан.

Расмий бийликтер бул нааразылык аракеттерди мыйзамсыз деп айыптап келсе, нааразылык чараларын уюштуруучулар шайлоонун адилетсиз өткөрүлүшүнөн жана бийликтердин акыйкатсыздыгынан улам атуулдар ушундай кадамдарга барууга мажбур болду деп бул аракеттерди актап, бийликти айыптап келет.

XS
SM
MD
LG