Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал курчуп кетти


Кыргызстандын түштүгүндө кырдаал курч бойдон. Бүгүн таң эртелеп, Ички иштер органдарынын атайын күчтөрү Ошто жана Жалалабатта областтык администрациянын имараттарын ээлеп алышкан нааразылык акция катышуучуларын ал жерлерден алып чыгып кетишкен эле. Кийинчерээк, айрым маалыматтар боюнча, саны 40 миңден 50 миңге чейин жеткен адамдардын тобу Жалалабаттагы областтык бийликтин имаратын кайра ээлеп алышты.
“Эрте мененки окуядан кеминде төрт адам өлдү” деп кабарлаган болчу “Республика” гезити. Бирок бул кабарды Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Нурдин Жангараев четке какты.
Буга чейин ырасмий бийлик өкүлдөрү областтык бийликтин имаратына кирип алышкандардын аракеттерин мыйзамсыз деп аташкан эле.
Ошто кечээ Кыргызстандагы оппозициялык саясий күчтөрдүн Элдик биримдиги Кыргызстан Элдик Курултайын уюштурган.
Курултайдын катышуучулары парламентке өткөн шайлоонун жыйынтыктарына каршы экендиктерин жана өлкөнүн президенти Аскар Акаев кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG