Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Бейөкмөт уюмдар Европарламентке, АКШ өкмөтүнө кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюм өкүлдөрү 20-мартта Европарламентке, АКШ өкмөтүнө, кайрылуу жолдоду. Кайрылуу ээлери өлкөнүн тартип коргоо кызматкерлери 20 март күнү таңга маал жүздөгөн карапайым адамдарды уруп, токмоктошкондугун жана мындай уруп, согуулар учурда да улантылып жаткандыгына кабатырлангандыгын билдиришкен. Ошондой эле кайрылууда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал Аскар Акаев баш болгон аткаруу бийлигинин шайлоону адилет өткөрбөгөндүгүнөн улам болуп жаткандыгы айтылган. Бейөкмөт уюм өкүлдөрү Евро парламенттен, АКШ өкмөтүнөн өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекет башчы Аскар Акаев менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүү баштоого ортомчулук кылууга көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Кайрылууга «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму, Адам укуктары жана эркиндиги институту, Адам укугун коргоо кыргыз комитети жана башка онго жакын бейөкмөт уюм жетекчилери кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG