Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Израил жана Палестина Тулкарм шаары боюнча сүйлөшүүлөрүн улантат


Тараптардын бүгүнкү сүйлөшүүсү Иордандын Батыш жээгиндеги Тулкарм шаарын палестин коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүү менен байланышкан. Шаарды өткөрүп берүү дүйшөмбүгө белгиленген эле. Бирок кабарчылардын билдиргенине караганда, кечээ кечинде Израил аскерлеринин бул шаардан чыгып кетүүсүнүн деталдары боюнча тараптар мунасага жете алган эмес. Өткөн аптада Израил палестин тарапка Иордандын Батыш жэгинен Йерихон шаарын өткөрүп берген болчу. Жөөт коргоо министри Шауль Мофаздын билдиргенине караганда, жакынкы күндөрү палестиндердин көзөмөлүнө Калькилия шаары да өткөрүлүп берилет. Палестин коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүнө Иордандын батыш жээгиндеги беш шаарды берүү жөнүндөгү макулдашуу февралда Египетте өткөн саммитте жетишилген.

XS
SM
MD
LG