Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

ШАЙЛООДОН ЧЫККАН НААРАЗЫЧЫЛЫКТАР, ЭЛДИК БИЙЛИКТИН ТҮЗҮЛҮШҮ


Апта соңундагы гезиттер парламенттик шайлоо, акимчиликтерди ээлеп алуу жана Нооруз майрамынын мааниси тууралуу жазышты.

“Республика” гезитинде журналист Замира Сыдыкова өлкөдөгү саясый кырдаалга сереп салып, Конституциясынын биринчи беренесине ылайык “Бийлик элге таандык“ экенин, учурда мамлекетти президент Аскар Акаев башкара албай калганын жана Жалалабат, Ош, Талас облустарындагы элдин толкундоосу тууралуу кеп кылат.

“Жалалабаттыктардын жаркын жүзү элдикинен башкача экен. Алардын ууртунан күлкү төгүлүп, жүзү нурданып, жан-дүйнөгө шоола чачып турду. Мындай жаркын адамдарды мен демократиялык өлкөлөрдөн гана көргөм. Байкасам, ички эркиндиктин кудуретинен алар ажардуу көрүнөт тура” деп жазат Замира Сыдыкова.

Ушул эле “Республика” гезитинин саясый баяндамачысы Алымбек Биялинов “Президент Аскар Акаев башында турган бийлик парламенттик шайлоо деген өнөктүктү өтө жогорку деңгээлде өткөрүп, оппозицияны ушунчалык басынтуу, кемсинтүү менен көздөй кишилерин мыйзам чыгаруу бийлигине өткөрүп алды. Шайлоонун оюндары майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган экен, эларалык байкоочулардын да көзүн жазгырды. Ал түгүл биринчи айлампада өтчү Бермет Акаеваны да атайын экинчи турга калтырып, шайлоо таза жана адилет өткөрдүгүнө кепил кылды. Бирок бийлик оппозицияга ор казам деп, өзү түшкөнү турат. Баарына эл калыс, аны менен эсептешпей коюуга болбойт. Коомдук турмуштун өнүгүү мыйзамында эң куу, ашкан акылдуумун деген өкүмдардан да эл даанышман экенин мезгил көрсөткөн. 15 жылдан бери элдин ишеничи акталган жок. Ошондуктан бийлик алмашуусу зарыл. Саясатчылардын жаңы муунунун алмашуусу - качып кутула албаган мыйзам ченемдүү көрүнүш” деп жазат “Республика” гезитинин баяндамачысы Алымбек Биялинов.

“Жаңы ордо” гезити да Жалалабатта элдик бийлик түзүлгөнүн, Таласта экс-министр Равшан Жээнбековго эл бата берип, анын таламын талашып жаткандыгын кабарчы Жалил Сапаров маалымдайт.

Ушул эле “Жаңы ордо” гезитинде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев парламенттик шайлоодо элдин Конституциялык укугу тебеленип, добуштар аракка, акчага сатылып, шайлоо адилетсиз өткөндүгүн фактылар менен талдоого алат.

“Көптөгөн массалык маалымат каражаттарына ”Жирный крест” аталган премьер-министр Николай Танаевдин жашыруун жыйынынан алынган сөздөр жарыяланган. Аны өкмөттүн адамдары колунан келишинче, алынын жетишинче калпка чыгарууга аракеттенишкен. Бирок чындык ар дайым өз жолун таап, жогорудагы фактылар, жергиликтүү өкүлдөрдүн жүргүзгөн иш- чаралары, өкмөттүн колдогон талапкерлерин акча чачышы “Жирный крестеги” шайлоо убагында жүргүзүлө турган тактиканы, аткаруу бийлигинин стратегиясын толук аныктады.

Бийлик колдогон талапкерлер 50 миң доллардан 100- 150 миңге чейин сарпташканы көрүнүп турат. Ал эми шайлоо кодексинде талапкер 500 миң сомдон же 12-13 миң доллардан ашык жумшоого уруксат берилген эмес,” деп жазат депутат Орзбек Дүйшеев “Жаңы ордо” гезитине.

“Заман Кыргызстан” эларалык жумалыгы Нооруз - жаңы күн тууралуу баяндап, жалпы журтка куттук айтат. Нооруз - бейпилдиктин, ынтымактын, ырыскынын жана берекенин майрамы экенин өлкөнүн эл артисти Гүлшара Дуулатова, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев айтып, бул майрамдын маанисин чечмелейт.

Ушул гезитте журналист Абдыкерим Муратов Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун адамдык жана жазуучулук ажарына сүртүмдөрдү арнап, жазуучу Ноорузга жаңы түс берип, эгемен өлкөдөгү алгачкы майрамдын сценарийин жазганын, аны бирге иштеп, замандаш болгондогу байкоо, иликтөөлөрүн ортого салат.

Ушул жумалык шайлоодон башталып, шайды оодарган нааразычылыктар улам күчөп, тереңдеп баратканын, кечээ Грузия, Украина деп аткан ыңкылаптар, Кыргыз жергесине келип калганын, оппозициядагыларды тартипке чакырам деген бийлик алдын карап, иш кылганы акылдуу кадам болоорун маалымдайт.

22-марттагы “Адабий гезитте” акын Бактыгүл Чотурованын балачакта жылан менен ойноп отурганын, аны жылан чакпаганын эскергени, учурдагы поэзия тууралуу маеги жарыяланды. Ушул басылмада белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин сүрөткерлик бейенесин журналист Тенти Орокчиев ачып берген.

Апта соңундагы “Эркинтоо” гезити Нооруз майрамы менен жалпы журтту куттуктаган президент Аскар Акаевдин куттуктоосун жарыялады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG