Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

БУУнун башкатчысы уюмду кеңири реформалоо долбоорун сунуш кылды


Кофи Аннан 21- мартта БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, уюмдун мүчөлөрүн аны кеңири реформалоо боюнча өз пландары менен тааныштырды. Маселен, башкатчы БУУнун Коопсуздук кеңешинин курамын кеңейтип, андагы мүчөлөрдүн саны азыркы 15тен 24 өлкөгө жеткирүүнү сунуш кылууда. Мунун жүйөөсүн Кофи Аннан мындайча түшүндүрдү:

-Мен БУУнун мүчөлөрүн Коопсуздук кеңешин ал жалпы эл аралык коомчулуктун жана бүгүнкү күндүн георгафиялык реалдуулугун көргөзүүсү үчүн көбүрөөк өкүлчүлүктүү кылууга чакырам. Бул маселе узактан бери талкууланып келүүдө.

Кофи Аннан ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча азыркы комиссиясын Адам укуктары боюнча кеңеш менен алмаштырууну сунуш кылып жатат. Башкатчынын сунуштарынын арасында, терроризмге каршы эл аралык конвенция кабыл алуу жана БУУ тиги же бул өлкөгө аскер күчүн колдонууга уруксат беришинин жаңы эрежесин иштеп чыгуу бар. Кофи Аннандын айтымында, сунуш кылынган реформалар БУУ уюшулганынын алтымыш жылдыгында ага карата ишенимди калыбына келтирүүгө багытталган.

XS
SM
MD
LG