Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Орусия Кыргызстандагы толкундоолорго тынчcыздануу билдирди


Орусия Кыргызстандын оппозициясынын нааразылык акцияларына тынчыздануу билдирүү менен ЕККУнун жакындагы шайлоого байкоо салган миссиясын да сынга алды. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө "мыйзамсыз" аракеттер айыптоого арзыры жана мындай шартта "экстремисттик күчтөргө" мүмкүндүк берилбеш керектиги белгиленген. Билдирүүдө ошондой эле Кыргызстандагы азыркы толкундоолор үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгү ЕККУнун жакындагы парламенттик шайлоону сынга алган байкоочуларына жүктөлгөн. Орусия тышкы иштер министрлигинин пикиринде, ЕККУнун сыны деструктивдүү күчтөр өз аракеттерин актоосуна шарт түздү. Орусия учурунда ЕККУ уюмунун Грузия менен Украинадагы шайлоого берген баасын да сынга алган болчу.

Ал эми өз тарабынан ЕККУ, Улуттар уюму жана АКШ эки ортодогу пикир-келишпестиктерди тынч чечүү үчүн кыргыз бийлиги менен оппозициясын сүйлөшүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG