Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:51

Жогорку Кеңештин алгачкы сессиясы болду


БИШКЕК. 22-мартта түштөн кийин Жогорку Кеңештин алгачкы сессиясы болуп, ага жаңы шайланган 69 депутаттын 59у катышты. Депутаттар күбөлүк алышкандан кийин ант беришти. Алгачкы жыйынга 10 депутат келген жок. Алардын арасында Кубатбек Байболов, Муратбек Мукашев, Исхак Масалиев, Болот Шерниязов, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев, Баяман Эркинбаев, Зиабидин Жамалидинов жана Алиярбек Абжалиев бар. Күбөлүк тапшырылгандан кийин сессияда президент Аскар Акаев кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Президент анда өлкөдө саясий башаламандыкты саясатчы сөрөйлөр жасап жатат деп билдирип, парламенттик шайлоодо жеңгенди билген адам жеңилгенди да сезиш керектигин баса белгиледи. Андан кийин элдин тандоосу менен шайланып келген депутаттар саясий кыйын кырдаал түзүлгөн кезде өз шайлоочуларынын арасында болуп, элди тынчытууга милдеттүү экендигин, ошон үчүн өз округдарында болуп, эл арасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү парз экендигин билдирди. Андан кийин сөз алган депутат Сооронбай Жээнбеков элди тынчтандыруу зарылдыгын билдирди. Сессияны парламенттеги жашы улуу депутат Эргеш Төрөбаев алып барды. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары сессиянын өтүшүн мыйзамга каршы деп билдиришип, токтом кабыл алышты. Анда президенттин кызматтан кетүүсүн, шайлоону мыйзамсыз деп табууну жана өлкөдөгү окуяларды телекөрсөтүү аркылуу толук көрсөтүүнү талап кылышты. Мындай талап жазылган билдирүү да кабыл алышып, ага азырынча 22 депутат кол койду.

XS
SM
MD
LG