Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Нарындагы жол тосуудан өлкө 5,5 миллион сомдук зыян тартты


НАРЫН. Мындай маалыматты губернатор Шамшыбек Медетбеков 22-мартта өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, жеке кызыкчылыктан келип чыккан көрүнүштөр эл ынтымагын бузууда жана экономикалык абалга терс таасирин тийгизүүдө. Маселен, мамлекет Карачий айылынын жанынан кан жолдун тосулушунан 5 миллион, ал эми Нарын шаарынын борбордук аянтынын бөгөлүшүнөн жарым миллион сом зыян тарткан. Жалалабаттагы кырдаалдан адам өмүрү кыйылган жок, негизги мыйзамдын талаптарын ар бир адам сакташы керек деген губернатор менен укук коргоочу Турсунбек Акун макул болгон жок. Түштүктөгү курч кырдаалды бийлик пайда кылды. Чындыкты айткан адамдардын парламентке келишине бийлик бут тоскондуктан түштүктө ушундай абал келип чыкты деген укук коргоочу бийликти, анын ичинде губернаторду да элге бир жактуу маалымат берип жатасыңар деп сынга алды. Жыйындын катышуучулары президентке кайрылуу кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG