Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Акыйкатчы ортомчу болууга даяр


БИШКЕК. 22-мартта Кыргызстан Акыйкатчысы маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү кырдаалды жумшартуу үчүн оппозиция менен бийлик ортосунда ортомчу болууга даярдыгын билдирди. Элдин нааразылыгы шайлоо комиссияларынын мыйзам чегинде шайлоону өткөрө албагандыгы жана Жогорку соттун бири-бирине карама-каршы келген чечимдери элдин нааразылыгын жаратты. Президент Акаев нааразыланган эл менен жолугууга тийиш. Мен оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсүнө ортомчу болууга даярмын деп белгиледи Турсунбай Бакир уулу. Акыйкатчы мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өткөрүүнү колдобойт. Ал эми кээ бир шайлоо округдарында кайра добуш берүүнү уюштурууну жактайт.

XS
SM
MD
LG