Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Таластык талапкердин арызы канаттандырылган жок


БИШКЕК. 22-мартта Жогорку сот №55 Бакайата шайлоо округу боюнча талапкер болгон Равшан Жээнбековдун арызын карап, аны канааттандырган жок. Равшан Жээнбеков арызында Бакайата райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну талап кылган. Райондук сотко жолдогон арызында 13-марттагы шайлоодо жеңүүчү деп табылган Жусуп Иманалиев шайлоочулардын добушун сатып алды деп, жыйынтыкты жокко чыгарууну өтүнгөн болчу. Жогорку соттун чечиминен кийин Равшан Жээнбеков Ош, Жалалабат облустарындагы нааразылык билдирип жаткан калктын «президент кызматтан кетсин, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын» деген талаптарын мурдатан эле колдоп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, Таластагы шайлоочулардын аталган талаптарды аткаруу аракети эми күч алат.

XS
SM
MD
LG