Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Президент өзгөчө кырдаалга каршы экенин айтты, бирок парламент президентке өзгөчө кырдаал киргизүү маселесин карап көрүүнү сунуштады


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев 22-мартта жаңы шайланган Жогорку Кеңештин алгачкы сессиясында сөз сүйлөп, өлкөдө өзгөчө кырдаалды киргизүүгө барбасын жарыялады. Биз өзүбүздүн туура жолдо экенибизге жана калың элдин колдоосуна ишенебиз. Өзгөчө кырдаал киргизилет деген ушактарды жокко чыгаруу керек, мен президент катары андай кадамга барбайм, деди Аскар Акаев.

Бирок президент катышкан ошол эле жыйында депутаттар төрт пункттан турган токтом кабыл алышты. Анын экинчи пунктуна ылайык президентке депутаттар өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизүү маселесин карап көрүүнү сунушташты. Эгер президент Аскар Акаев ал сунушка кокус макул болсо анда акыркы сөздү мындай демилге көтөргөн ошол эле Жогорку Кеңеш макулдугун бериши керек.

XS
SM
MD
LG