Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Ооганстанда парламенттик шайлоо мөөнөтүнүн артка жылдырылышы аны жакшыраак уюштурууга жардам берет


Мындай пикирин БУУнун Ооганстан боюнча өкүлү Жан Арнаулт Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Ооганстандагы парламенттик шайлоо быйылкы жылдын сентябрь айына белгиленген. Жан Арнаулттун айтымында, шайлоонун төрт айга артка жылдырылышы менен саясий кампаниянын маанилүү бөлүгү өлкөдө апийимди жок кылуу боюнча быйылкы иш –чаралар аяктаган учурга туура келет жана бул өз кезегинде баңги заттардан түшкөн акчанын шайлоого таасирин азайтат деген үмүт бар.

Сентябрдагы шайлоо ооган парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орун жана жергиликтүү кеңештер үчүн өткөрүлөт. Ага миңдеген талапкерлер катышары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG