Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Өзбекстан менен Тажикстан кошуна Кыргызстандагы саясий толкундоолорго тынчсыздануусун билдиришти


ТАШКЕН. Өзбекстан менен Тажикстан кошуна Кыргызстандагы саясий толкундоолорго тынчсыздануусун билдиришти. Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги кечээ тараткан билдирүүсүндө Кыргызстандын түрдүү улуттар отурукташкан түштүк чөлкөмүндөгү толкундоолор этник аралык араздашууларга тамызгы болоорунан чочулап турушканын билдиришти. Ош жана Жалал Абад шаарлары жайгашкан түштүк чөлкөмдө жарым миллиондой өзбек жашайт. Бул эки шаар тең Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстанга энчилүү Фергана өрөөнүндө жайгашкан.Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы окуяларга үзбөй көз салып турганын жана ал жердеги акыбалдын тынч жол менен жөнгө салынуусун каалап турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG