Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Бишкекте нааразылык акциясынан чыккандар кармалып, кайра бошотулушту


БИШКЕК. 23-мартта Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелиги тургузулган аянтчага «Келкел» жана «Бирге» жаштар уюмдарынын 100гө жакын өкүлү, бир катар бейөкмөт, коомдук уюмдарынын өкүлдөрү нааразылык акцияга чыкты. Пикетте турган 100ге жакын адам Ош жана Жалалабаттагы пикетчилердин талаптарын колдоорун билдиришти. Акция башталганына 5-10 минут өтпөй, 200гө жакын милиция кызматкери пикетчилерди 3 автобуска күч колдонуу менен салып, Бишкек шаарынын 1-май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Милиция тарабынан кармалгандардын ичинде Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Болот Шамшиев, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов, «Интербилим» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү, №1 Университет шайлоо округунан талапкер болгон Болот Марипов, жалпысынан 28 адам болду. Ушул эле күнү кармалгандарга карата райондук ички иштер бөлүмүндө көчмө сот өттү. Алардын баары Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун кепилдиги менен бошотулду. Ал эми Болот Мариповго эскертүү берилди.

XS
SM
MD
LG