Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Демонстранттар Ак үйгө кирип барышты


БИШКЕК. 24-мартта нааразылык акциясына чыккан миңдеген атуулдар түштөн кийин саат үчкө жакын өкмөт үйүнө кирип барды. Президент Аскар Акаевдин кайда экендиги белгисиз. Оппозиция лидерлеринин тартипти сактоого жасаган аркетинен майнап чыкпай, айрым атуулдар таш менен өкмөт үйүнүн айнектерин сындырды. Миңдеген адамдар өкмөт үйүн курчап, Акаевдин кетүүсүн талап кылууда. Милиция кызматкерлери элди кайрадан артка чегиндирүүгө бир нече ирет аракет жасады. Мындай чабуулда милиция кызматкерлери тарабынан да, эл тарабынан да жабыркагандар бар. Акыркы маалыматтар боюнча өкмөт үйүнүн айланасында кагылышуулар токтоду.

XS
SM
MD
LG