Линктер

шаршемби, 27-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:16

Эстонияда өкмөт отставкага кетти


Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн премьер-министри Юхан Партс жарыялады. Ал жетектеген өкмөт бийликте 2003-жылдын апрелинен бери турган эле. Мунун алдында дүйшөмбү күнү эстон парламенти өлкөнүн юстиция министрине ишеним көргөзбөө жөнүндө добуш берген. Эстониянын саясий партиялары азыр жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө камынууда. Бул соңку алты жылдагы төртүнчү өкмөт болот.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.
XS
SM
MD
LG