БИШКЕК. 24-мартта өкмөт үйүн тартып алуу жана андан кийинки тартип бузуу маалында бардыгы болуп 3 адам каза болду. Мындай маалымат Бишкектеги өлүккананын башчысы Кубатбек Шадыбековдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, бир адам «Бета-сторес» дүкөнүн карактоо убагында дүкөндүн коопсуздук кызматкери аткан октон, бирөө бычактан, дагы бирөө «Бета-сторес» дүкөнүнүн жанындагы автоавариядан каза болушкан. Алардын аты-жөндөрү азырынча белгисиз. Саламаттык сактоо министрлигинен алынган маалымат боюнча, 24-мартта жарат алгандардын саны 164 болду. Анын 98и ооруканага жаткырылып, 6 адамга операция жасалды. Бардыгы болуп 300дөн ашык адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бельгиядан келген журналист Дэнилова Способа мээси чайкалды, укук коргоочу Турсунбек Акундун жаагы сынып ооруканада.