Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Грузин президентинин Киевде визити уланууда


Михаил Саакашвили жана Виктор Ющенко Грузия менен Украинанын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү декларацияга кол коюшту. Саакашвили украин өкмөтүнүн башчысы Юлия Тимошенко жана парламент спикери Владимир Литвин менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Саакашвили Грузия менен Украинаны “революция экспортчулары” эмес деп ырастады. Ыңкылаптардын окшоштугун ал адилетсиздикке жана шайлоонун натыйжаларын бурмалоого адамдар бардык жерде, анын ичинде Кыргызстанда да бирдей мамиле жасай турганы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG