Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Эл аралык коомчулук Кыргызстанга назарын кадап турат


ООНдун баш катчысы Кофи Аннан өлкөдө чукул арада коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту калыпка салууга чакырды. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс эгер кырдаал жөнгө салынса,анда шайлоо өткөрүп, алга илгерилегенге жакшы шарт түзүлөрүн белгиледи. Мындай процесстерде зомбулукка жол берилүүгө тийиш эмес, деп кошумчалады Райс. Шанхай кызматташтык уюмунун аткаруучу катчысы Чжан Дегуан Пекинде таркаткан билдирүүсүндө Кыргызстандагы окуяларга терең камтамачылыгын туйдуруп, өлкөдө мыйзамдуулукту жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүүнү азыр башкы милдет деп атады.

XS
SM
MD
LG