Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Египетте өлкө президентин өлтүрүүнү көздөгөн деп айыпталган адам өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилди


Мохаммед Айид Дабус аттуу адам президент Хосни Мубаракты өлтүрүүнү көздөгөн дегенден башка Египет менен Сауд Арабиядагы кол салуу пландары боюнча маалыматтарда Иранга бергени үчүн да күнөлүү деп табылды. Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес жана күнөөсүн мойнуна коюу үчүн тергөө учурунда ур-токмокко алынганын билдирген. Египеттин соту ошондой эле Махмуд Реда Хуссеин атуу ирандык дипломатты да сыртынан өмүр бою түрмөгө кести. Анын дареги белгисиз. Египет Иранга 1981-жылы президент Анвар Саадатты өлтүргөн согушкерлерди колдогон деген да кинээ тагып келген эле.

XS
SM
MD
LG