Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн жаңы шайланган бир палаталуу парламенттин ыйгарым укугун тааныды. БШК төрагасынын милдетин аткаруучу Туйгуналы Абдураимовдун бүгүн жаңы парламенттин жыйынында билдиргенине караганда, 75 шайлоо окуругунун 10дон ашуунунда талаш-тартыш туудурган жагдайлар бар. Андыктан шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деген округдар боюнча иликтөө жүргүзүлөт. Кыргыстандын күч структураларынын координатору Феликс Кулов бүгүн жаңы парламентте сөз сүйлөп, БШКнын ыйгарым укуктарын таануу жөнүндөгү чечимин колдоорун билдирди. Кулов ошондой эле кызматтан четтетилген президент Аскар Акаев мекенине кайтып, парламентте отставкага кеткенин ырасмий жарыялаш керектигин белгиледи. Ал эми Аскар Акаевдин дареги тууралуу азыр деле так маалымат жок. Мурдарак Кремль Акаевдин Орусияга келүү жөнүндөгү өтүнчү орундатылганын билдирди. Бирок азырынча Аскар Акаевдин Орусияга барган-барбаганын так ырастаган маалымат жок. Москва Акаев алардан саясий башпаанек сурадыбы же жокпу, аны да айта элек.