Терринин ата-энеси католиктердин ыйык майрамдарынын бири Пасхада кызына салттуу бир күкүм нан менен бир ууртам шарап берүүнү өтүнүп, сотко кайрылышкан. Боб жана Мэри Шиндлердин адвокаттары федералдык соттун апелляциялык чечимин талашуудан майнап чыкпайт деп, бул соттук күрөштө утулгандарын мойнуна алышты.
Түн бою Терри жаткан бейтапкананын алдына чогулган эл шам жагып, соттун чечимине нааразылыгын билдирип турушту. Католик, протестант жана мусулмандардын өкүлдөрүнөн турган топ ооркучан аялдын ата-энесине колдоосун билдиришти. Шиндлер үй-бүлөөсүнүн өкүлү Пол О Доналд алардын атынан чогулган элге ырахматын айтты:
- Бүгүн ыйык Пасха майрамы башталды. Биз элден үйлөрүнө кете берүүнү өтүнөбүз. Балдарыңар менен чогуу болуп, алар менен өткөргөн ар бир учурду баалагыла.
Терринин атасы кызынын абалы жакшырат деген үмүтүн үзө элек.
- Ал жашоо үчүн күрөшүп жатат. Сот органдары муну билсин деп айтып жатам. Террини куткарып калууга дагы убакыт бар.
18-мартта Терринин күйөөсү Майкл аялынын аппараттары өчүрүлүп салсын деп сотко кайрылган эле, Флорида штатынын соту анын арызын канааттандырган.
Ал эми Терринин ата-энеси анын айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар деп, тамактандыруу түтүкчөсүнүн алынып салышына каршы чыгышты. Шиндлерлер Флорида штатынын губернатору Жеб Бушка жардам сурап кайрылышкан. Бирок АКШнын Жогорку соту тиешелүү чечим чыгаргандан кийин, штаттын соту губернатордун өтүнүчүн кароодон баш тартты. Дарыгерлер 41 жаштагы Шиаво абалда экенин белгилешүүдө.
Адистер жабдыктарсыз Терри 1-2 жума гана жашай алат деп ырасташат. Анын түтүкчөсү 9 күн мурун алынып салды. Буга чейин Шиавонун аппараты эки ирет өчүрүлгөн. Бирок активисттер анын жашоо укугу бузулуп жатат деп, жабдыктардын кайрадан байланышына жетишишкен.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Терринин иши олуттуу маселени козгоду деди. Терри Шиаво 1990-жылы кырсыкка учурап, мээсине зака кеткен. 15- жылдан бери ал атайын түтүкчөнүн жардамы менен тамактандырылып келген.