Cудан согуш кылмышкери деп шектелген жарандарын тыш өлкөдө соттоо жөнүндөгү Улуттар Уюмунун ар кандай резолюциясын четке кагат. Франция Улуттар Уюмуна сунуш кылган долбоорго карата Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осмон Ысмайыл ушундай билдирүү жасады. Долбоор Судандын Дарфур чөлкөмүндөгү калабада согуш кылмышын жасады деп шектелген жарандарды Эларалык кылмыш сотунда соттоого чакырат.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши бу долбоорду шаршемби күнү талкуулайт. Акыркы эки жылда Дарфур чөлкөмүндө болгон зобунда он миңдеген адамдар кырылып, эки миллиондой адам там-жайсыз калган.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши бу долбоорду шаршемби күнү талкуулайт. Акыркы эки жылда Дарфур чөлкөмүндө болгон зобунда он миңдеген адамдар кырылып, эки миллиондой адам там-жайсыз калган.