Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

ЕККУнун элчиси Кыргызстандагы кырдаалга баасын берди


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму - EККУнун өкүлдөрү кечээ күнү Бишкекте кыргыз оппозициясынын жетекчилиги менен кездешти. ЕККУнун элчиси Алоис Петерли жана ЕККУнун башкатчысы Ян Кубиш Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен жолугушкандан кийин жасалган билдирүүдө өлкөдөгү кырдаал “өтө опурталдуу” экени белгиленет.
А.Петерлинин айткандары:

-Менин билгеним: биз мыйзамдуулук жана мыйзамга ылайыктуулук боюнча түрдүү көз караштар бар. Албетте көз караштар түрдүүчө болгондуктан ар кандай саясый, ошондой эле техникалык проблемаларды жаратууда деп айтаар элем.

Мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган парламенттин мүчөлөрүн бекитип, бирок айрым чөлкөмдөрдөгү мыйзам бузуулар текшерилип, кээ бир жаңы шайланган депутаттар мандатынан ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген. Абактан бошотулган саясатчы Феликс Кулов БШКнын чечимин жактады жана президенттик бийликтен четтетилген Акаев Бишкекке келип, бийликтен кеткенин ырасмий түрдө элге айтсын деди.

XS
SM
MD
LG