Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

ИШКЕРЛЕР 100 МЛН. ДОЛЛАР ЗЫЯН ТАРТЫШТЫ. БИРОК ӨЗ ИШТЕРИН УЛАНТЫШАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү Чет өлкөлүк ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Девид Грант маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү акыркы күндөрү болуп өткөн талап-тоноолордон жана кыйратуулардан Бишкектин ишкерлери 100 млн. доллар зыян тартышканын билдирди. Анын айтымында, жапа чеккендердин арасында чет өлкөлүк инвесторлор да көп болду. Бирок ал буга карабай инвесторлордун баары ушул жумада өз иштерине толук киришерин айтты.

Чет өлкөлүк ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Девид Гранттын айтымында, Кыргызстандагы чет өлкөлүк бизнесмендердын айрымдары өлкөдөгү түзүлгөн оор кырдаалга карабай өз иштерин уланта беришкен. Калгандары болсо ушул жуманын ичинде кызматка киришет:

-Биздин мүчөлөрдүн баары ушул жумада мүмкүн болушунча тезирээк өз иштерин улантууга киришет жана нормалдуу режимде иштей башташат.

Анын айтымында, Чет өлкөлүк ишкерлер кеңеши 70ке жакын инвестордун башын бириктирет. Алар баардыгы болуп Кыргызстанга 1 млрд. долларга жакын инвестиция салышкан. Коогалаң болгон күндөрү инвесторлор өлкөдөн чыгып кетишкен эмес. Үй-бүлөлөрү менен келген ишкерлер гана үй-бүлөлөрүн жөнөтүп жиберип, өздөрү калып калышкан. Анын айтымында, өлкөдө көп жүрүп, элди жакшы билген инвесторлор анчалык деле коркушкан эмес.

Девид Гранттын пикиринде, чет өлкөлүк компаниялардын айрымдары катуу зыян тартса, кээ бирөөлөрү таптакыр жапа чеккен эмес. Өтө көп зыян тартты деп ал «Бител» компаниясын жана «Бета стористе» жайгашкан майда ишкерлерди атады:

- Мен, мисалы, Бишкекти аралап көрдүм. Менин баамында зыяндын көлөмү 100 млн. долларды түзөт, –деди Девид Грант зыяндын жалпы суммасы жөнүндө.

Анын айтымында, бул зыяндарды Кыргызстандын эсебинен жаап берүү тууралуу бийликтегилер менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн эмес. Ал мыйзамдуулукту жана тарипти калыбына келтирүү, маркоэкономикалык стабилдүүлүктү кармап калуу жана банк иштерин жандандыруу биринчи милдет экенин айтты. Ал ошондой эле келечекте салык саясатын жакшыртуу, ишкерликке жагымдуу шарт түзгөн мыйзамдарды кабыл алуу жана коррупция менен бюрократияга каршы күрөшүү маанилүү экендигин белгиледи.

Анын айтымында быйыл кеңешке кирген инвесторлор 80 млн. доллар салууну көздөп жатышкан. Анын ишке ашуусу бийликтин мурда түзүлгөн келишимдерди таануусуна жараша болоорун эскертти:

- Ошондуктан бийликтегилер тарабынан азыркы инвесторлорго эларалык келишимдердин аткарылышына кепилдик берилүүгө тийиш.

Дүйшөмбү күнү инвесторлор менен жолугушкан Мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучу Дастан Сарыгулов Кыргызстандагы жоготуулар бийлик алмашкан башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз болгонун белгиледи:

-Эгерде мындай окуялар болгон өлкөлөр менен салыштырсак, мен биздин жоготуулар анчалык чоң эмес деп эсептейм.

Ал тополоңдон жапа чеккендерди тактоо жана аларга жардам берүү Бишкек шаарынын мэрине тапшырылганын билдирди.

Күч структураларын жетектеген Феликс Кулов болсо укук коргоо органдары тарабынан талоончуларды кармоо жана алар алып кеткен мүлктөрдү кайрып алуу иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

Дастан Сарыгулов жаңы бийлик ишкерлерге жеңилдик берүүнү көздөп жатканын белгилеп, инвесторлорду аны менен кызматташууга чакырды:

- 24-декабрда Бакиев мырза телевидениеден чыгып сүйлөп, Кыргызстан мурда кабыл алынган эларалык келишимдерде белгиленген милдеттердин баарын аткарат деп билдирүү жасаган. Бул жөн эле билдирүү эмес. Бир дагы инвестициялык долбоор кайра каралып чыкпайт.

XS
SM
MD
LG