Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Талас облакимчилигин ээлеп алуу боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери башталды


ТАЛАС. 13-мартта өткөн парламенттик шайлоонун экинчи туру Шайлоо кодексинин беренелеринин одоно бузуулар менен өткөндүгүнө нааразы болушкан №55 Бакайата округунун шайлоочулары 14-март күнү Бакайата районундагы Кызылсай айылында нааразычылык акциясына чогулушуп, ошол эле күнү Таласка келишип облустук Ак үйдү ээлеп алышкан. Ушул факты боюнча 16-март күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин үчүнчү бөлүгү менен кылмыш иши ачылган. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысы Аман Кыдыралиевдин “Азаттыкка” 28-март күнү билдиргенине караганда, бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Эки айлык мөөнөт ишинде Ак үйдү ээлеп алууну уюштуруучулар, Ак үйдү тосуп чыккан милиция кызматкерлерине кол көтөргөндөр табылып, сот жообуна тартылышы керек. Ал эми облустук Ак үйдү ээлеп алган 14-марттан баштап аны кайра өткөрүп беришкен 25-марттын аралыгында, башкача айтканда, бийлик Элдик кеңешинин колунда турган мезгилде Талас шаарында коомдук тартипти бузуунун бир дагы фактысы катталбаптыр.

XS
SM
MD
LG