Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Ысыккөл облустук бийлиги ачык эшик күнүн өткөрдү

КАРАКОЛ. Облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Ишенбай Молдоташевдин айтымында, облус жетекчилигине түшкөн арыз-даттануулар мындан ары жеринде чечилет. Бир дагы арыз даттануулар жоопсуз калбайт. Карапайым калктын жакыр катмары, айрыкча согуштун жана эмгектин ардагерлери тарабынан коюлган суроо- талаптарды өз учурунда чечпеген тиешелүү мекемелердин жетекчилери ээлеген кызматтарынан токтоосуз четтетилет. Анткени ачык эшик күнүнө келген арыз-даттануулардын басымдуу бөлүгүн пенсия, жөлөк-пулдардын таркатылышы жана ооруканаларда дары-дармектердин жетишсиздиги түздү. Ошондой эле облустун аймагында коомдук тартиптин сакталышы, коопсуздук чаралардын көрүлүшү жана ар кандай кылмыштардын санынын кескин өсүшү боюнча тынчсызданган сунуштар түштү.
XS
SM
MD
LG