Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Кечээки эле жан-жөкөрлөрү Акаевди кызматтан ырасмий түрдө кетүүгө чакырып жатат


БИШКЕК. 29-мартта маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев Аскар Акаевди ырасмий түрдө президенттик кызматтан кетүүгө чакырды. «Мындай шартта Аскар Акаев Кыргызстандын президенти болуп кала албайт», деп белгиледи Жантөрө Сатыбалдиев. Мурдагы вице премьер министр, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев да Аскар Акаев Кыргызстанга келип, жасаган иштери тууралуу маалымат берип, кызматтан кетүүгө тийиш, буга жаңы бийлик шарт түзүүсү керек, деп билдирди. Ал ушул убакка чейин Аскар Акаевди мыйзамдуу президент катары ксанай тургандыгын белгилей кетти. Мындан бир күн мурда экс-министр Темирбек Акматалиев дагы «Азаттыкка» берген интервьюсунда ушуга окшогон ой айткан.

XS
SM
MD
LG