Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Аскар Акаевдин жашыруун күндөлүгү табылды


БИШКЕК. Өлкөдөн чыгып кеткен президент Аскар Акаевдин жана башка жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнөн жашыруун документтер табылды. Анда парламенттик шайлоого бийликке жакын талапкерлерди өткөрүүгө канча акча бөлүнгөнү жөнүндөгү маалыматтар берилген. Акаевдин иш бөлмөсүнөн анын орус тилинде жазылган күндөлүгү да табылган. Бул тууралуу көптөгөн маалымат каражаттары жазууда. Ал эми өлкөнүн башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров андай финансылык документтин жана президенттин күндөлүгү табылгандыгы тууралуу маалыматты 29-мартта ырастады.

XS
SM
MD
LG