Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Коалиция шайлоо күмөндүү болгон округдарды тизмеледи


БИШКЕК. Бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы 29-мартта билдирүү таратып, анда Жогорку Кеңештин депутаттары шайланган 75 округдун он тогузундагы шайлоонун жыйынтыктары күмөн санатаарын жарыя кылды. Алардын арасында Бишкектеги 5, Баткен облусундагы 3,Жалалабаттагы 3, Нарындагы 2, Ош облусундагы 3, Таластагы 1 жана Чүй облусундагы 2 округ бар. Коалиция бул тизме акыркы тизме эмес экендигин, себеби 75 округдун 62синде гана жүргүзгөн байкоосунун негизинде ушундай чечимге келгендигин билдирди. Коалиция президенти Эдил Байсалов андан тышкары кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевди Кыргызстандын келечеги үчүн кызматынан баш тартууга чакырып, ыңкылаптан кийин Бишкекте болгон талап-тоноолор мурдагы бийликтин абийиринде калган так деп билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG